• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки аскер кызматкери зордуктоого шектелип кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.09.22. /Кабар/. Аскер прокуратурасы тарабынан Улуттук гвардиянын эки аскери зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындан мурда социалдык тармактарда Бишкекте кыз эки аскер кызматкерин зордуктоого айыптап жатканы тууралуу маалымат чыккан.

Иликтөөнүн жүрүшүндө 2022-жылдын 5-сентябрында Б.У. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, 4-сентябрдан 5-сентябрга караган түнү саат 04:30дар чамасында Бишкек шаарындагы Сыдыков жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен унаанын арткы отургучунда аны зордуктаган эки белгисиз жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Аталган факты боюнча Аскер прокуратурасы Улуттук гвардиянын У.А. жана А.Т. аттуу аскер кызматкерлерине карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

"Кечээ, 11-сентябрда Аскер прокуратурасы шектүүлөрдү кармап, Бишкек гарнизонунун убактылуу кармоочу жайына киргизди. Бүгүн У.А. жана Т.А. аларга карата баш коргоо чарасын тандоо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотуна жеткирилет", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий