• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эки автоунаа кагышып, үч адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 17.01.20. /Кабар/. Бишкекте эки автоунаа кагышып, үч адам жабыркады , - деп билдирет КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөү жылдын 14-январында болжол менен саат 17:30да Масалиев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде Lexsus жана Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

Кырсыктан Lexsus унаасынын айдоочусу жана эки жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жаткырылган.

Toyota унаасынын 45 жаштагы Ч.Е., аттуу айдоочусу жабыркаган эмес. Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, чогултулган материалдар Бишкек шаары боюнча тергөө кызматынын жол кырсыктарын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий