• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки автоунаа, Ошто сарай өрттөндү. Өлкөдө сутка ичинде 5 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 15.05.20. /Кабар/. Сутка ичинде Кыргызстандын аймагында 5 өрт кырсыгы катталган, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, өрттөрдү өчүрүүгө беш бөлүм тартылган.

Алсак, Бишкек шаарынын Ибраимов көчөсүндө турак үйдүн короосунда “Ниссан-Сирена” үлгүсүндөгү жеңил унаасынын багаж бөлүгү жана “Мазда-626” үлгүсүндөгү жеңил унаасы толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ал эми Чүй облусуна караштуу Чымкоргон айылындагы Суранчиев көчөсүндө жайгашкан жалпы аянтты 14 чарчы метр болгон кампа жана майдалагыч станок күйгөн. Өрттүн себеби - электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Ошондой эле Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Ынтымак айылында жайгашкан жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 24 чарчы метр чатыры жана 60 боо отун күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Жамансариев көчөсүндө жайгашкан базарда, кийим сатуучу контейнерде кийим кечелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жети-Өгүз районундагы Дархан айылында ачык аянтта 0,7 га куураган чөп жана бадалдар күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда

Пикир

Оставить комментарий