• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте эки автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар

Кырсык 0

Бишкек, 19.07.20. /Кабар/. Күн мурун, 18-июлда Бишкектеги Горький жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинде эки автоунаа кагышкан. Бул тууралуу КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, "Лексус" жана "Матиз" унааларынын катышуусунда катталган кырсыктан бир эркек жана бир аял жабыркаган.

Кырсык катталган жерге алты куткаруучу барып, жабыркагандарды унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий