• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эки күн ичинде 42 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.09.21. /Кабар/. Бишкекте дем алыш күнү “Бахус” аталышындагы рейддик иш-чара өтүп, кайгуул кызматкерлери тарабынан 42 мас айдоочу аныкталды.

Милициянын кайгуул кызматынан билдиришкендей, айдоочуларга карата 735 миң сом айып салынды.

Ошондой эле эки күн ичинде жол эрежелерин бузган 1 миң 620 факты катталды:

- Мас абалында автоунаа башкаруу - 42 айдоочу;

- Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу - 42 айдоочу;

- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 9 айдоочу;

- Автоээнбаштык - 2;

- Башка жол эрежелерин бузуулар - 1 миң 525 айдоочу.

“166 унаа ар кандай жасаган бузуулары үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий