• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эки күндө 364 жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.10.20. /Кабар/. 2020-жылдын 1-2-октябрь күндөрү жол кырсыгынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол эрежесин камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн ыкчам алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 364 жол эрежесин бузуу катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Анын ичинен:

-Мас абалында унаа башкаруу – 25;

-Терезелери караңгылатылган унаа каражаттарын башкаруу – 3;

-Документтери жок унаа башкаруу – 52. Атайын айып унаа токтотуучу жайына 67 унаа токтотулган.

Бишкек шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жолдо сак болууга жана жол кыймылынын эрежесин так сактоого чакырат.

Пикир

Оставить комментарий