• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте эки күндө 45 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 09.03.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында, ошондой эле 8-март күнүнө карата тартип бузуулардын алдын алуу максатында 6-7-март күндөрү атайын профилактикалык иш-чара өткөрүлдү.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, анын жыйынтыгында 2 миң 212 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.

Алардын ичинен:

- мас абалында унаа башкаруу - 45;

- автоунааны атайын караңгылатуу - 4;

- айдоочуга жана унаага тиешелүү документи жок унаа башкаруу - 34;

- башка жол эрежелерин бузуу - 2 129.

Ошондой эле 184 автоунаа жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короо жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий