• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эки күндө көрктөндүрүү эрежесин бузган 25 факты катталды

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. Бишкекте эки күндө көрктөндүрүү эрежесин бузган 25 факты катталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эки күндүн ичинде шаардыктар, ишканалар жана мекемелер тарабынан жалпысынан 239 миң сомго 25 көрктөндүрүү эрежесин бузуу фактылары катталган.

Тактап айтканда, «Ислам курулуш», «Эталон» курулуш компаниялары, ошондой эле №6 үй-бүлөлүк медицина борбору, «ТелекомСпецСтрой» ЖЧКсы жана «Пластик линия» «Мобинда», №32 орто мектеби, «Хабен» ЖЧКсы, «Имхотек» ишканалары, ошондой эле чарбалык субъекттердин жана тигүү цехтеринин ижарачылары тазалык эрежелерин сактаган эмес.

Белгилей кетсек, тартип бузууларды тангандардын иштери административдик комиссия тарабынан каралат.

Пикир

Оставить комментарий