• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки күндөн кийин 13 мектеп салттуу режимде окута баштайт

Билим 0

Бишкек, 28.01.22. /Кабар/. Бишкекте дүйшөмбү күндөн тарта 13 мектеп салттуу режимде окута баштайт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Учурда 23 мектеп онлайн окутууда. Ошондой эле №135, 148 жана 61 бала бакчалар жабык.

Дүйшөмбү күндөн тарта №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38 мектептери балдарды кабыл ала баштайт.

Пикир

Оставить комментарий