• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эки конуштун үйлөрүн суу каптады

Кырсык 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Бишкекте эки конуштун үйлөрүн суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-майда саат 16:30 чамасында Бишкектин Ленин районундагы жааган жаандын кесепетинен арыкка суу батпай Ак-Өргө конушунун Лушихин көчөсүндө 3 турак үйдүн короосун, Арча-Бешик конушунда 4 турак үйдүн короосун суу каптаган.

Жерине ӨКМден ыкчам топ тартылып, суунун нугу өз калыбына келтирилген.

Тактоо иш-чаралары 10-май күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий