• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки маршрутка жана жеңил автоунаа кагышты, жабыркагандар бар

Кырсык 0


Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Бишкекте бүгүн саат 12:30дар чамасында Элебесов жана Арал көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаа кагышты — бир жеңил автоунаа, №130 жана №193 эки маршрутка.

Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, кырсыктын кесепетинен эки маршруткада тең жүргүнчүлөр жабыркаган. Учурда алардын толук саны такталууда, жерине кайгуул кызматкерлери чыгып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий