• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки мектептин окуучуларынан коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 25.01.21. /Кабар/. Бишкекте эки мектепте милдеттүү текшерүү иш-чарасында окуучулардан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эки окуучунун үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү буга чейин аталган илдет менен ооруганы белгилүү болду.

"Алгоритмге ылайык, илдет табылган класс кайрадан онлайн түрдө билим алууга өттү. Эки жуманын аралыгында балдар медиктердин көзөмөлүндө болот. Ал эми аларга сабак өткөн мугалимдер ПЧР анализ тапшырууга жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 18-январдан тарта борбор калаада 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке бара башташкан.

Пикир

Оставить комментарий