• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Бишкекте эки райондо бала бакчалар иштеп жатат. Эртең Ленин районунда 5 бала бакча ишин баштайт – Кузнецова

Коом 0

Бишкек, 17.06.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова борбор калаада канча бала бакча иштеп жатканы тууралуу айтып берди.

“Бүгүнкү күнү Бишкек шаарынын эки районунда мектепке чейинки билим берүү мекемеси иштеп жатат: Свердлов районда 14 жана Биринчи май районунада 14 бала бакча. Ленин районунда эртеңден тарта 5 мектепке чейинки мекеме ишин баштайт. Ал жакта иштеген кызматкерлер коронавируска текшерүүдөн өтүшү керек болгондуктан алар ачылбай жаткан. Андан тышкары ал бала бакчаларды азык-түлүк менен камсыздап беришибиз керек болчу. Октябрь районундагы бала бакчаларды да азык-түлүк менен камсыз кылуу иштери жүрүп жатат. Келе жаткан дүйшөмбү күндөн тартып Октябрь районундагы бала бакчалар ишин баштайт деп ойлойм”, -деди ал.

Пикир

Оставить комментарий