• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте эки сааттын ичинде терезесин караңгылаткан 15 айдоочуга 82,5 миң айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 30.09.21./Кабар/. Бишкекте эки сааттын ичинде терезесин караңгылаткан 15 айдоочуга 82,5 миң айып салынды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Кайгуул кызматынын билдирүүсүнө караганда, акыркы учурларда шаарда автоунаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдаган унаалар көбөйүп жаткандыгы байкалган. Бул көрүнүштөрдүн алдын алуу багытында Кайгуул кызматы атайын рейд өткөрүп, эки сааттын ичинде төмөнкү жол эрежелерин бузуу фактыларын аныктады:

- автоунаасынын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып айдоо - 15 ;

- жасалма мамлекеттик номур менен автоунаа башкаруу - 1;

- мас абалында автоунаа башкаруу - 1;

- башка жол эрежелерин бузуу - 22.

Пикир

Оставить комментарий