• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки унаа кагышып, 3 адам мерт кетти

Кырсык 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Бишкекте 18-январда болжол менен саат 18:30да Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Жигули" унаасынын 28 жаштагы Т.А. аттуу айдоочусу Элебесов көчөсү менен түндүк тарапка бара жаткан. Тульский көчөсү менен кесилишкен аймакта "Митсубиси" үлгүсүндөгү унаа менен кагышкан.

Жол кырсыгынан "Митсубиси" унаасынын 52 жаштагы Т.О., аттуу айдоочусу жабыркап, №4 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми "Жигули" унаасынын айдоочусу жана 30 жаштагы О.А. жана 32 жаштагы К.А. аттуу жүргүнчүлөр каза болгон.

Аталган факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, бардык чогултулган материалдар ИИББнын тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий