• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эки унаа кагышып, бирөө капталынан кулап калган

Кырсык 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Кечээ, 4-мартта шаардагы Москва менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинде кечки саат 21:05 чамасында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, "Хонда Торнео" унаанын 22 жаштагы Ж.К., аттуу айдоочусу 41 жаштагы К.А., аттуу айдоочу башкарып келе жаткан "Тойота Прадо" үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган.

Кырсыктан "Тойота Прадо" унаасы капталынан кулап калган. Эки айдоочу тең дарыгерге кайрылган.

Учурда тиешелүү экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий