• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте эки жаңы гүлбакча ачылды

Коом 0

Бишкек, 09.05.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын Октябрь районунда эки жаңы гүлбакча ачылды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Саманчин көчөсүнөн Жукеев-Пудовкин менен түштүккө карай жөө жүргүнчүлөр зонасында жумуштар аяктады.

Анын узундугу 850 метрди түзөт жана эки бөлүккө бөлүнгөн. Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдун боюнда чүкө сымал отургучтар орнотулган. Аянтты жарык кылуу үчүн жер астына 1 миң 261 метр электр зымдары тартылып, 26 чырак орнотулду. Ошондой эле телефонду кубаттатуу үчүн USB порттору бар. Мындан сырткары, балдар аянтчасы дагы каралган.

Экинчи гүлбакча 11-кичирайондо жайгашкан. “Бишкек жарык” ишканасынын адистери 17 бетон фундаментин орнотуп, жер астына 700 метр электр зымдарды тартышты. Коопсуздук үчүн видеокөзөмөл камералары коюлган. Бардык иштер шаардык бюджеттин эсебинен аткарылган.

Пикир

Оставить комментарий