• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки жеңил унаа кагышып, бири мамычаны сүзгөн - сүрөт

Кырсык 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Бишкектин Раззаков менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде "Хонда" үлгүсүндөгү эки жеңил унаа кагышты.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, жол кырсыгынан бир унаа электр мамычаны сүзгөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Окуя болгон жерде милициянын кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

Пикир

Оставить комментарий