• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эки жер алдындагы өтмөктү оңдоо иштери жүрүүдө

Коом 0

Бишкек, 05.09.17. /Кабар/. Бишкекте эки жер алдындагы өтмөктү оңдоо иштери жүрүүдө. Капиталдык курулуш башкармалыгынын берген маалыматы боюнча элдер жыш болгон жердеги өтмөктөр оңдолууда.

Мэриянын басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, учурда Мамбетов көчөсүнүн кесилиши менен Шабдан Баатыр проспектиндеги “Мадин” соода базар комплексинин (СБК) жанындагы өтмөк оңдолууда.

Экинчи өтмөк Аламедин базарынын жанында жайгашкан. Шабдан Баатыр проспектиси, М.Жалил көчөсү менен Жибек Жолу проспектисинде.

Учурда ремонт үчүн бардык керектүү жабдыктар алынып, жер казуу иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий