• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Бишкекте экинчи кыргыз-пакистан бизнес форуму өттү

Экономика 0

Бишкек, 28.10.21. /Кабар/. Кечээ, 27-октябрда экономикалык дипломатияны илгерилетүүдө алып барылган иштердин алкагында Кыргызстандын Пакистандагы элчилигинин Лахор университети менен өнөктөштөгү демилгеси менен КР Инвестиция министрлиги, КР Экономика министрлиги жана КР Өнөр жайчылар жана ишкерлер биримдигинин колдоосунда «Өз ара байланыш коридорлору: Пакистан жана Кыргызстан социалдык-экономикалык интеграция доорунда» темасындагы экинчи кыргыз-пакистан бизнес форуму өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер, тышкы соода жана инвестиция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, форумдун негизги максаты - Пакистандын бизнес-делегациясын Кыргыз Республикасынын инвестициялык жана соода-экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштыруу, ошондой эле эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда B2B жолугушуулары аркылуу максаттуу байланыштарды түзүү жана өнөктөш тармагын өнүктүрүү болгон.

Форумдун ачылышында Кыргызстандын Пакистандагы элчиси Уланбек Тотуяев, Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Сардар Тарик, Лахор университетинин төрагасы Авайс Рауф жана Пакистандын Улуттук ассамблеясынын мүчөсү Мухаммад Афзал Дандла салтанаттуу сөздөрдүн айтышты.

Форумга Пакистандын «Marhaba Laboratories», «Onsole», «FM Foods», «Jan Plastic Industry», «Brizane group of companies», «Bahria Town», «Hac Agri», «Miles Textile», «Agha Textiles», «Medisearch Pharmaceuticals», «Revco Pharma», «Best Trans PVT LTD», «TERAFORT Limited», «Spartans Global (Pvt) Ltd» жана башка компанияларынын өкулдөрү, ошондой эле Кыргызстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын тиешелүү министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин баяндамалары угулду.

Ошондой эле, форумдун жүрүшүндө панелдик талкуу уюштурулуп, анда иш-чаранын катышуучулары кызыккан суроолоруна жооп ала алышты.

Иш-чаранын соңунда эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнө эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосунда ишкер байланыштарды түзүү үчүн тематикалык аянтчалар (фармацевтика жана медицина, маалыматтык технологиялар, айыл чарба, текстиль жана соода боюнча) тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий