• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте балдар арасында “Экология” темасындагы сүрөт сынагы өттү

Маданият 0

Бишкек, 9-июнь /Роман Гайнанов – Кабар/. Бишкекте балдар арасындагы “Экологияга” арналган сүрөт тартуу сынагынын жарым финалы болуп өттү. Аталган сынакты “Газпром” ишканасы экология жылына карата өткөргөн. Тактай кетсек, аталган ишкана тарабынан 2017-жыл “Экология” жылы деп белгиленүүдө.

Комиссиянын өкүлдөрү жаш өзгөчөлүктөрүнө карата 10 финалистти аныктаган.

“Кыргызстан Газпром” ишканасынын башкы директорунун орун басары Сабырбек Акимбаев “бул сынактын таланттууларын тандап алуу өтө жагымдуу ошол эле учурда кыйын болгонун айтты. Ар бир эмгек өзүнчө бир кызыктуу, өзгөчө болду. Балдардын сүрөт тартууга болгон кызыгуусу абдан чоң экени ар бир эмгекте көрүнүп турат. Биз бул сынакка катышкан ар бир катышуучуга рахмат айтабыз. “Газпром” ишканасы өлкөнүн келечеги жаштардын колунда экенин жакшы түшүнүп, аларды ар тараптуу колдоого алып, өспүрүмдөрдүн жана жаш балдардын моралдык жактан дени-сак болуп чоңойюшуна өз салымын кошуп келет”,-деди ал.

Калыстар тобуна өнөр адамдары, ЖМКлардын жана “Газпромдун” өкүлдөрү кирген.

“Газпром” ишканасы жарандарды экологияны сактоого, ага аяр мамиле жасоого үндөп келет. Балдар арасында өткөн сынак дагы дал ошол экологияга арналганы жөн жерден эмес. Экологияны сактоону, балдарга кичинекей кезинен баштап үйрөтүү зарылчылыгын айтып, аталган сынак балдардын айлана чөйрөгө болгон мамилесин аз да болсо жакшы жакка өзгөртөт деген ишеничтебиз”,- деди коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Асель Абыкеева.

Сынактын жеңүүчүлөрү эртең, 10-июнда Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде аныкталат.

Пикир

Оставить комментарий