• 84.8
  • 101.57
  • 1.12

Бишкекте экологиялык таза азыктардын дүкөнү ачылды

Коом 0

Бишкек, 31.01.19. /Кабар/. Бишкекте Жаш Гвардия жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде "Айыл азыгы" экологиялык таза азыктардын дүкөнү ачылды. Ал азыктарды кары адамдар жасашат.

"Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук бирикмеси билдиргендей, дүкөндө колго жасалган оокат-аш менен туздалган азыктарды сатып алууга болот.

Ошондой эле жакын арада дүкөндө чоң апалар жасаган үй кесмеси сатыла баштайт.

Пикир

Оставить комментарий