• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте экологияны булгаган унаалардын айдоочулары айыпка тартылат

Коом 0

Бишкек, 24.12.18. /Кабар/. Бишкекте айлана-чөйрөнү булгаган унаалардын айдоочуларына айып салынат. Бул туралуу автоинспекциянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыгы (ЖКККББ) Мамлекеттик экология жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу инспекциясы менен биргеликте абаны жол берилген ченемден тышкары булгаган унааларды аныктоо боюнча рейд жүргүзүүдө.

Аталган иш-чаранын максаты унаалар тарабынан абаны булгоосун төмөндөтүү.

Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө жеңил, оор жүк ташуучу жана коомдук унаалар да аныкталган. Кармалган унаалардын түтүнүндө токсиндик заттары нормадан көп болгон.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен унаалардын айдоочулары административдик жоопкерчиликке тартылат.

Мындай рейддер өлкөнүн баардык аймактарында өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий