• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май акимчилигинде экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ошондой эле Кыргызстандын аймагындагы экстремисттик жана террористтик уюмдардын өзгөчөлүктөрүнө арналган жыйын өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу өкүлү Юрусланбек Абдуманнапов баяндама жасап, Кыргызстандын аймагында тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдар менен тааныштырды.

Алар:

  • Хизб ут-Тахрир аль Ислами;
  • Түркстанды бошотуу уюму;
  • Чыгыш Түркстан ислам партиясы;
  • Өзбекстан ислам кыймылы;
  • Аль-Каида;
  • Талибан кыймылы;
  • Курдистан жумушчу партиясы;
  • Жихад тобу ;
  • Жайшул Махди;
  • Жунд-аль Халифат;
  • Ансаруллох;
  • Ат-Такфир Вал-Хижра;
  • Акромия;
  • Ирак жана Левант Ислам мамлекети;
  • Жабхат ан-Нусра;
  • Катибат аль Имам аль Бухари;
  • Жаннат Ошиклари;
  • Жамаат ат-Таухид валь-Жихад;
  • Йакын-Инкар.

Жыйында белгиленгендей, “жергиликтүү” деп аталган жигердүү уюмдар Хизб ут-Тахрир аль-Ислами, Акромия, Йакын-Инкар жана Жайшулмахди болуп саналат.

Белгилей кетсек, Биринчи май районунда 11 мечит, 23 намазкана жана 2 медресе бар.

Пикир

Оставить комментарий