• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бишкекте Эл аралык “балдардын ишеним телефону” күнү белгиленет

Коом 0

Бишкек, 17-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Бишкекте Эл аралык “балдардын ишеним телефонунун” күнү белгиленет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Балдардын укук коргоочуларынын лигасы” коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова билдирди.

Анын айтымында, жыл сайын Кыргызстанда 17-майда Эл аралык “балдардын ишеним телефону” белгиленет. Ал кеңири коомчулуктуне көңүлүн балдарды оор турмуш шарттарынан коргоого жана аларга жардам берүүгө багытталган.

Бүгүн Эл аралык күндүн алкагында Бишкекте Бишкек шаарынын жана Кароосуз калган балдарды калыбына келтирүү борборунун окуучулары концерт, флеш-мобдор өткөрүлөт.

Ошондой эле, Н.Турдубекова мектеп окуучуларынын арасында “Балдардин ишеним телефону балдардын көзү менен” сүрөт сынагы өткөрүлөт. Жеңүүчүлөргө байгелер ыйгарылып, алардын сүрөттөрү Эмгек жана социалдык коргоо министрлигине сынакка жөнөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий