• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эл аралык джаз фестивалы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 23.03.18. /Тумара Туратбекова - Кабар/. Бишкекте 28-мартта Эл аралык XIII джаз – 2018 фестивалы өтөт. Бул тууралуу уюштуруучулар “Борбордук Азия – Арт менеджмент” коомдук фонду билдирет.

Иш-чара 28-мартта Warm up Jazz Party менен биргеликте “Студия 247” Израилдик трио “Йогев Шетрит/Yogev Shetrit Trio”, Италиялык Nello Salza жана Кыргызстандык JDin Band тобунун катышуусунда старт алат.

“Фестивалдын урааны – “Чек арасыз музыка”. Биздин миссия маданий кызматташуунун жардамы менен элдер арасындагы достукту чыңдоо”,-деп кабарлашты уюштуруучулар.

Андан тышкары, концерттер 13-14-апрелде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филарманиясында өтөт. Ага тогуз мамлекеттен келген дээрлик 10 топ катышат: АКШ, Германия, Австрия, Израиль, Польша, Италия, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан.

Пикир

Оставить комментарий