• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте Эл аралык эне тили күнүнө карата шаардык сынак өткөрүлдү

Коом 0

Бишкек, 22.02.18 /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик тилди жана Кыргызстанда жашаган башка этностордун эне тилдеринин күнүн белгилөө менен улуттар арасындагы ынтымак, достук жана биримдик мамилелерин арттыруу максатында, 21-февраль – Эл аралык эне тили күнүнө карата “Мамлекеттик тил – улуттар арасындагы ынтымак, достук жана биримдиктин тили” аттуу шаардык сынак өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын райондук администрацияларынын, түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн, райондук билим берүү борборлорунун кызматчылары катышып, бардык катышкан чыгармачыл топтор баалуу сыйлыктарга, грамоталарга жана мактоо барактарына ээ болушту.

Баш байгеге №71 Тоголок Молдо атындагы мектеп-интернатынын мырзалары (түрк улуту), 1-орунга №186 балдар бакчасынын айымдары (кыргыз улуту), 2-орунга №17 жана №18 муниципалдык аймактык башкармалыктарынан бириккен чыгармачыл топ (өзбек улуту), 3-орунга “Бишкексууканал” өндүрүштүк эксплуатациялык башкармалыктын чыгармачыл тобу (казак улуту) татыктуу болуп, № 67 (цыган улуту) жана № 29 (корея улуту) мектеп-гимназияларынын, № 6 МАБдын жана Ленин райондук администрациясынын чыгармачыл топтору жакшы даярдыктар менен келип, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын өкүлү Мундузбек Абдыжапар уулу, Бишкек шаардык Мамлекеттик каттоо башкармалыгынын өкүлү Шейшенбек Бейшекеев, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова катышуучуларды Эл аралык эне тили майрамы менен куттуктап, сыйлыктарды тапшырышты.

Пикир

Оставить комментарий