• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Бишкекте эл аралык йога күнү белгиленди

Коом 0

Бишкек, 22-июнь /Даниил Хашковский- Кабар/. Бишкек шаарында эмен паркында 21-июнда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк йога күнүнө карата арналган иш чара өттү.

Иш чара КР Улуттук йога федерациясы тарабынан уюшулду. Аталган иш чарага баардык каалоочулар катыша алышты.

КР Улуттук йога федерациясынын директорунун орун басары Ирина Попованын билдирүүсүндө, алардын мекемесинин түзүлгөнүнө 9 жыл болгонун жана 2014-жылдан баштап ар жыл сайын йога күнүн белгилей тургандарын айтты.

“Биздин тынчы жок жашообузда йога - куткаруу аралы сыяктуу, себеби элдер йогадан жан дүйнөнүн тынчтыгын табат”,- деди Попова.

Ал 1-июлда өтө турчу негизги салтанаттуу иш чара Индия элчилигинин колдоосу менен өтөрүн кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий