• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эл аралык театр күнү белгиленип, бир катар иш-чаралар өткөрүлдү

Маданият 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кечээ, 27-март эл аралык театр күнү белгиленип, бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Бул күндү утурлай министрликтин буйругу менен "Республикалык театр жумалыгы" жарыяланган. Ал 30-март күнү аяктайт.

Театр күнү белгилөөнүн алкагынды Таттыбүбү Турсунбаеванын айкели орнотулган гүл бакчада өлкөбүздөгү театр тармагында эмгектенген кызматкерлердин катышуусу менен митинг-реквием болуп өткөн.

Анда маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев, Кыргыз Эл артисти Сатыбалды Далбаев жана театр тармагында эмгектенген кызматкерлер куттуктоо сөз сүйлөп, Т. Турсунбаеванын чыгармачылыгы, эл аралык театр күнүнүн мааниси тууралуу сөздөр айтылган.

Андан кийин, иш-чара Бишкек шаарындагы "Ала-Арча" көрүстөнүндө улантылган. Бүтүндөй өмүрүн театр тармагына, сахнага арнаган бир катар актер жана актрисалардын эстеликтерине гүл коюлуп, куран окутулган.

Ал эми кечки саат 18:00дө Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз Улуттук академиялык драма театрында "Эргүү" улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өткөн. Ага ЖК депутаты Садык Шер-Нияз, маданият министри Азамат Жаманкулов, белгилүү сахна чеберлери, өлкөбүздөгү театр актерлору жана студенттер катышкан.

Белгилей кетсек, аталган сыйлык "Эң мыкты спектакль", "Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль", Эң мыкты улуттук пьеса", жалпы 17 номинация боюнча тапшырылат.

Пикир

Оставить комментарий