• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Бишкекте эл аралык террордук уюмдун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны, 1980-жылы төрөлгөн, террордук ишмердүүлүккө катыштыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн эл аралык террордук уюмдун мүчөсүн кармаган.

Алынган маалыматтар боюнча аталган жаран Сириядагы согуштук аракеттерге катышып, согуштук даярдыктан өткөн. Ал КРнын аймагында Кыргызстандын жарандарынын арасында үгүт иштерин жүргүзүп жаткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту кармалган адамдын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакка алды.

Пикир

Оставить комментарий