• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эл аралык террористтик уюмдун мүчөсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Бишкекте "Жамаат ат-Таухид Валь Жихад" эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Март айында Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү ("Экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу, ташуу же жөнөтүү, же экстремисттик уюмдардын белгилерин же атрибуттарын интернет аркылуу жайылтуу") менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Жалал-Абад облусунун 25 жаштагы У.Д. аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлгөн.

Тинтүү учурунда ал үйдөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун идеалогиясына тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылган.

Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.

У.Д. аттуу жаран Жазык-процесстик кодекстин 98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий