• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте эл аралык жарым марафон өтөт – жеңүүчү 100 миң сом алат

Спорт 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. 22-сентябрда өтө турган эл аралык жарым марафондун байге фонду 504 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Runthesilkroad сайтында жарыяланды.

Жарыш эртең саат 09:00дө Жайыл-Баатыр көчөсүндөгү "Газпром" ден-соолукту чыңдоо комплексинде башталат.

Үч аралыкта мелдеш өтөт: 21 чакырымга (18 жаштан жогору), 10 чакырым (14 жаштан жогору) жана 3 чакырым (баары). Мүмкүнчүлүгү чектелгендер атайын категорияга жазылса болот.

Марафондун 21 жана 10 чакырымга чуркагандардын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлык тапшырылат. Ал эми, 3 чакырымга жүгүргөндөргө катышуучунун баштыгын, медаль жана сертификаттар ыйгарылат.

Жарым марафондун жеңүүчүсүнө 100 миң сом, экинчи орунга 70 миң, үчүнчү орунга 50 миң сом берилет.

10 чакырым аралыкка чуркагандардын жеңүүчүсү 15 миң сом алат. Кийинки орунга 10 миң сом, коло байгени жеңгендер 7 миң сом алмакчы.

Пикир

Оставить комментарий