• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте эл жана турак-жай фондун каттоого тартыла турган персонал үчүн семинар башталды

Коом 0

Бишкек, 09.02.22. /Кабар/. Бишкек шаарында Кыргызстандын эл жана турак-жай фондун каттоо алкагында Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустары жана Бишкек шаары боюнча райондук, облусттук статистика органдарынын кызматкерлери үчүн өткөрүлгөн үч күндүк семинар өз ишин баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, семинардын ишине Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов жана Статкомдун башка кызматкерлери катышты.

Иш-чаранын алкагында Улуттук статкомдун кызматкерлери семинардын катышуучуларына эл жана турак-жай фондун каттоо боюнча кеңири маалымат беришти, каттоочу барактардын формалары жөнүндө маалымдап, интерактивдүү сурамжылоо жүргүзүштү. Ошондой эле эл жана турак-жай фондун каттоо учурунда таажывирустук инфекцияны жайылтпоо максатында иштелип чыккан тиешелүү алгоритм жөнүндө да айтып беришти.

Эскерте кетсек, КРнын эл жана турак-жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартынан 4-апрелине чейин жүргүзүлсө, алыскы аймактарда 2022-жылдын 23-апрелинен 3-майына чейин жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий