• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте Элдик курултайга делегаттар шайланды

Коом 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Бишкекте жергиликтүү курултай өтүп, Элдик курултайга катышуу үчүн 60 делегат шайланды.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча жергиликтүү курултайга жалпысынан 800 делегат шайланып, алар калктын санына жараша төмөнкүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Ленин району - 203 делегат (278 миң 500 жашоочу);
  • Октябрь району - 228 делегат (313 миң 200 жашоочу);
  • Биринчи май району - 164 делегат (225 миң 300 жашоочу);
  • Свердлов району – 205 делегат (281 миң 400 жашоочу).

Белгилей кетсек, жергиликтүү курултайдын алкагында делегаттар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда 25-ноябрда өтө турган Элдик курултайда көтөрүлө турган актуалдуу маселелерди да талкуулашты.

Делегаттардын такталган тизмеси кийинчерээк берилет.

Пикир

Оставить комментарий