• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте элдик манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдыгы белгиленди

Маданият 0

Бишкек, 29-март /Кабар/. 7-кичирайондогу С.Орозбаков атындагы №13 шаардык китепканада Октябрь районунун башчысы Нурбек Курманбековдун катышуусунда элдик манасчы Сагынбай Орозбаковго арналган «Алп манасчы ааламы» темасында конференция өттү.

Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын максаты – “Манас” эпосун жайылтуу жана окурмандарды С.Орозбаковдун чыгармачылыгы менен тааныштыруу болуп саналат.

Иш-чарага кыргыз эл жазуучулары К.Жусупов, А.Жакшылыков, И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы манастаануу институтунун директору Т.Тургуналиев, андан тышкары КРнн Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери О.Соронов катышты.

Маалымат үчүн: Сагынбай Орозбаков (1867 – 1930) Ысык-Көл облусунун түндүк жээгиндеги Кабырга деген жеринде музыкант-сурнайчынын үй-бүлөсүндө туулган. Ал ошол учурдагы белгилүү манасчылар Чоңбаш, Тыныбек Жапиев, Балык (Бекмурат) Кумаров жана Найманбай Балыковдордун манас айтканын угуп жүрүп, “Манас” эпосу менен 5 жашынан эле алектене баштаган. 4 жылда окумуштуулар С.Орозбаковдун оозунан эпостун биринчи бөлүгүнүн 180 миң сап ыр жазып алышкан. Анын эинчи жана үчүнчү бөлүмдөрү манасчынын катуу ооруп калгандыгына байланыштуу жазылып алынбай калган. Бирок, ал айтып калууга жетишкен бөлүгү эле анын вариантынын көркөмдүгүн, поэтикалык стилинин кооздугун, сөз байлыгынын кенендигин далилдеп турат.

Пикир

Оставить комментарий