• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Бишкекте электр энергия, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди

Коом 0

Бишкек, 29.10.20. /Кабар/. Бишкекте электр энергия, жылуулук жана ысык суу берүү калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 29-октябрда ЖЭБинде жэнергетикалык жабдыктын авариялык коргонуучу системасы иштеп кеткен.

"ЖЭБде "Түндүкэлектр" ишканасынын подстанциясынын кабелдик линиясында чыңалуу болгон. Мындан улам автотрансформатор өчүрүлүп, натыйжада Бишкек ЖЭБиндеги жабдуулардын авариялык коргонуучу системасы активдешкен. ЖЭБдин казандары жана турбиналык генераторлор автоматтык түрдө өчүрүлгөн. Авариялык клапандар иштеп, жабдуу ашыкча бууну бөлүп чыгарган. Эч кандай жарылуу, өрт жана авария болгон жок", - дейт ал.

Эскерте кетсек, буга чейин агенттикке күбөлөр билдиргендей, ЖЭБдин аймагында катуу үн чыгып, буу чыга баштаган.

Пикир

Оставить комментарий