• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте электр энергиясына карызы бар 8 миң абонент аралыктан өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. 16-майдан тарта "Северэлектро»" ААК электр энергиясына болгон карызы бар 8 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Бул тууралуу компаниядан билдирди.

Андыктан компания ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн абоненттерди электр энергияга болгон төлөмдү өз убагында жүргүзүүгө чакырат.

Эскерте кетсек, абоненттер почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн, төлөмдү Quickpay, Pay24, UMAI, KICВ, MSТС (Касса-24), Megacom, "О!" терминалдары, "О!" MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "РСК Банк", "Керемет Банк", "Дос Кредо Банк", "Бакай Банк", "Коммерциялык банк Кыргызстан", "Халык Банк", "КICВ Банка", "Оптима Банк" жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кассалары аркылуу жүргүзсө болот. “Северэлектро” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат.

"Акылдуу" эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн аралыктан өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Северэлектро” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Пикир

Оставить комментарий