• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте электрондук бизнести жана коммерцияны өнүктүрүүнү талкуулашат

Экономика 0

Бишкек, 01.11.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн, 1-ноябрда электрондук бизнести жана коммерцияны өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

“Электрондук бизнес жана электрондук коммерцияны өнүктүрүү менен экономикалык прогресске көмөктөшүү” аттуу КР экономика министрлиги жана ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси тарабынан уюштурулган эки күндүк конференция башталды.

Иш-чаранын жүрүшүндө электрондук бизнес жана электрондук коммерция деген эмне экендиги, алардын өнүгүшүндө кандай чаралар көрүлүүсү керек жана Борбордук Азияда ушундай кызматташуунун өнүгүүсүнүн потенциалы кандай деген суроолорго жооптор берилет.

Жыйында электрондук бизнес маселелери менен алектенген Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү, жеке сектордун, IT компаниялардын жана финансылык бизнес-институттардын өкүлдөрү катышат.

Катышуучулар Борбор Азиянын рыногун санариптештирүүнүн терс жана оң жактарын жана буга чейинки болуп келген маселелерди талкуулашмакчы.

Пикир

Оставить комментарий