• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте электрондук сооданы өнүктүрүү талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 07.09.2017 /Кабар/. Кыргызстандын Экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгы “Нарын” СЭЗ дирекциясы менен биргеликте Бишкекте “Кыргызстанда электрондук сооданы кантип өнүктүрүү керек?” деген темада тегерек үстөл өткөрдү.

Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш чарага министрдин орун басары Эльдар Абакиров катышты.

Электрондук соода тууралуу презентацияны “SHANGHAI XINTONG GROUP” Шанхай компаниясы даярдаган.

Бул саясий кызматтарды көрсөтүү тармагындагы ири компания, анын жүгүртүүсү 500 млн доллардан ашык. Ал белгилүү Амазон, Алибаба, Aliexpress, Ebay, Wish маркалары менен кызматташып, эл аралык электрондук соода каналдарына ээ.

2016-жылы ISHOW маркасын түзүп, АКШ, Европа жана Англияда катталган.

Тегерек үстөлдүн жыйынтыгында “Нарын” СЭЗ жана “SHANGHAI XINTONG GROUP” Шанхай компаниясы кызматташуу тууралуу Меморандумга кол коюшту.

Пикир

Оставить комментарий