• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте электрондук жол баракчасын колдонуу маселеси талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын аянтчасында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкуловдун төрагалыгы жана КР ФМ караштуу МСК төрагасынын орун басарынын катышуусунда электрондук накладнойлорду (мындан ары - ЭТТН) колдонуу маселеси боюнча кеңешме өттү.

Бул кеңешме 2019-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташылып келинген товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууну, ошондой эле министрлер кабинетинин “КР өкмөтү тарабынан кабыл алынган 2022-жылдын 14-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын аймагындагы товарларды эсепке алуу жана контролдоо” токтомун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2023-жылдын 1-январынан тартып товарларды жүгүртүүгө катышкан салык төлөөчүлөр үчүн ЭТТН маалымат тутумунун даярдыгы боюнча маселелер талкууланды.

Маалымат иретинде:

ЭТТН колдонушат:

1. 2022-жылдын 15-майынан тартып - Кыргыз Республикасынын аймагында мунайдын жана мунай продуктуларынын жана идентификациялоо каражаттары менен маркировкалануучу товарлардын жүгүртүүсүн жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү;

2. 2022-жылдын 1-июлунан тартып - ЕАЭБдин бажы аймагына импорттолуучу товарларга байкоо жүргүзүү механизми жөнүндө макулдашууга ылайык ЕЭК бекиткен тизмеге киргизилген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү;

3. 2023-жылдын 1-январынан тартып - 1 жана 2-пункттарга кирбеген товарларды жүгүртүүнү жүзөгө ашыруучу салык төлөөчү

Пикир

Оставить комментарий