• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эмерек чыгаруучу цех өрттөндү

Кырсык 0

Бишкек, 20.11.22. /Кабар/. Бишкектин Матросов көчөсүндө жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, эмерек чыгаруучу цех жана анын жанында жайгашкан 2 ангар ичиндеги станоктор, жыгач тактайлар, кездемелер өрттөнгөн. Өрттүн аянты болжол менен 1000 чарчы метрди түзгөн. Ири өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.

"Маалым болгондой, 19-ноябрга караган түнү эмерек чыгаруучу цех өрттөнүп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 өрт өчүрүүчү бөлүм, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун, Бишкек шаардык башкармалыгынын ыкчам тобу, 1 автошаты, ошондой эле Суу чарба ишканасынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада тартылган. Тилсиз жоо саат 06:04дө чектөөгө алынып, саат 18:00дө толук өчүрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий