• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эмгек мигранттарынын пенсиясы тууралуу талкуу болду

Коом 0

Бишкек, 27.11.18. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте “Кыргызстандык эмгек мигранттарына ким пенсия төлөйт?” темасына арналган эксперттик талкуу өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө белгиленгендей, аталган маселе аябай актуалдуу, себеби пенсия менен камсыз кылуу миллиондогон эмгектенип жаткан адамдарга тиешелүү.

“Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин эмгектенип жаткан жарандарын пенсия менен камсыздоо тууралуу келишимдин күчүнө кириши евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн жаңы баскычы болот жана биримдиктин алкагында эмгек ресурстарынын бирдиктүү рыногун туруктуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт. Иштеп жаткан өлкөдөгү убакыт үчүн пенсия ошол мамлекет тарабынан белгиленерин билип, эмгектенип жаткан адам мыйзамдуу жумушка орношуп, легалдуу айлык акыны алууга кызыгат. Бул өз кезегинде ЕАЭБдеги эмгек миграциясын тартипке келтирүү процессине оң таасирин тийгизет”, - деди эксперт Денис Бердаков.

Пикир

Оставить комментарий