• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте энелерге акысыз кеңеш берилет

Коом 0


Бишкек, 16-май /Кабар/. “Улуттун генофонду таза болуп, дени сак наристелердин жарыкка келиши үчүн албетте энелердин ден соолугу чың болушу керек”. Бул тууралуу Энелер күнүнө карата “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Эне жана баланы коргоо борборунун жетекчиси Камчыбек Узакбаев билдирди.

Анын айтымында, Энелер күнүнө карата 19-майда Эне жана баланы коргоо борборунда акысыз дарыгерлердин кеңеши, кызыктуу акциялар жана концерттик программалар өткөрүлөт. “Дени сак улут, күчтүү мамлекет” - демекчи энелердин саламаттыгына ар дайым кам көрүү аталган борбордун негизги милдети.

“Акыркы беш жылда эне-баланын өлүмүнүн көрсөткүчү турукташып, үстүбүздөгү жылы 21 пайызга кыскарган. Энелерди өлүмүнө бир нече себептерди келтирүүгө болот. Өлкөбүздөгү аялдардын басымдуу бөлүгү анемия менен жабыркап келишет. Буга бир нече социалдык факторлор өз таасирин тийгизүүдө. Андан тышкары, жугуштуу оорулар да акыркы кездерде күч алууда. Аталган көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн дарыгерлер болгон күч аракеттерин жумшашууда”, - деп белгиледи К.Узакбаев.

Ошондой эле, ал жакынкы күндөрдө борбор калаабызда эне-балага арналган жогорку сапаттагы аппараттар менен жабдылган, заманбап перинаталдык борбор куруларын кошумчалады. Долбоор 2011-жылы немец жана кыргыз тараптардын макулдашуусу менен ишке ашкан. Борбордун жалпы бюджети 13 млн еврого бааланып, курулуштун баштапкы 10 пайызын кыргыз өкмөтү бөлсө , ал эми калган бөлүгүн немец өкмөтү грант түрүндө берет.

Белгилей кетсек, КР Президенти А.Атамбаевдин Жарлыгы менен 2012-жылдан тарта май айынын үчүнчү жумасы Энелердин күнү катары белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий