• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бишкекте энергетикалык тармакты өнүктүрүү боюнча форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 08.04.22. /Кабар/. Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда “Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо келечектин жеткиликтүү жана туруктуу энергияга карай жолунда” энергетикалык форуму өтүүдө.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев, Дүйнөлүк банк жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө Кыргызстандын энергетика системасы белгилүү бир кыйынчылыктарга туш болуп жаткандыгын белгиледи.

“Буга байланыштуу министрлер кабинети Кыргызстандын энергетика системасын туруктуу өнүктүрүү үчүн реформаларды жүргүзүүдө”, - деди ал.

Белгилей кетсек, иш-чаранын алкагында энергетикалык реформалардын жана инвестициялык кызматташуунун негизги багыттары, өлкөнүн энергетика тармагындагы реформаларды колдоо боюнча эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу маселелери талкууланат.

Форум сессияларынын алкагында катышуучулар жеке сектордун катышуусунда күн энергетикасын өнүктүрүү боюнча министрлер кабинетинин приоритеттерин, энергетикалык секторду реформалоо стратегиясын (реформалардын жана артыкчылыктуу инвестициялардын жол картасы), энергетикалык сектор маселеси боюнча калкты социалдык жактан колдоо чараларын талкуулайт.

Мындан тышкары, “Кыргыз Республикасында күн энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттар” панелдик дискуссиясы орун алып, ошондой эле эл аралык финансы институттарынын ата мекендик энергетикалык секторду реформалоого кошкон салымы тууралуу маселе талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий