• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте энеси 4 жаштагы баласын батирде жалгыз калтырып койгон. Милиция аны менен сүйлөшүү жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 22.09.18. /Кабар/. Бишкекте эне 4 жаштагы баласын батирде жалгыз калтырып койгон. Милиция аны менен сүйлөшүү жүргүздү. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине күбөлөр билдиришти.

Алардын айтымында, болжолу менен саат 15:00дөн 16:00гө чейин көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатында 4 жаштагы баланы көрүшкөн. Ал табуреткага чыгып, терезеден карап жаткан. Күбөлөр билдиришкендей, кыз баланы жалгыз калтырып, жумушуна кеткен. Ал жалгыз бой эне.

Күбөлөр милицияга кайрылгандан кийин бала ойгонуп, терезенин жанына барып, табуреткага чыккан.

“Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан “Кабар” агенттигине билдиришкендей, аял 33, баласы 4 жашта. Ал жумушка барышы керек болуп, баласын таштаганга киши жок болгон. Апасы бала бакчага кезекке турганын айтып, ушул айдын аягында баласы ал жакка бара баштайт экендигине сөз берген”, - деп билдиришти ШИИББден.

Милиция кызматкерлери аны менен сүйлөшүү жүргүзүшкөн.

Пикир

Оставить комментарий