• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Бишкекте эпидемиологиялык кырдаал курчуй баштады - министр

COVID - 19 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Бишкекте эпидемиолгиялык кырдаал курчуй баштады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов билдирди.

Ал азыр санитардык эрежелер сакталбай жатканын айтып, мурда эпидемиологиялык абалдын курчушу өлкөнүн түштүк аймагында байкалып жаткан болсо, азыр борбор калаада да абал курчуй баштаганын белгиледи.

"Азыр Бишкекте эпидемиолгиялык кырдаал курчушу мүмкүн. Бүгүн Бишкекте коронавирус жуктурган 77 учур катталды. Мындай көрсөткүч 13-августтан бери катталган эмес. Сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялардын мезгили башталды", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий