• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте “Эр жигит-2017” шаардык сынагынын райондук турлары өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 18-апрель /Кабар/. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгы тарабынан “Эр жигит-2017” шаардык сынагынын райондук турлары өтүп жатат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын максаты – мектеп окуучуларына руханий-адептүүлүк жана мекенчилдик тарбия берүү тутумун жакшыртуу, дене тарбиясын өнүктүрүү жана жогорку класстардын окуучуларын атайын даярдоо, сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу болуп саналат.

2017-жылы 13-апрелде Р.Шүкүрбеков атындагы мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин базасында Свердлов райондук окуучулар арасында райондун 20 мектебинин “Эр жигит” командалары катышкан сынак өткөн.

Байгелүү орун ээлеген мектептер:

1-орун №38 МГ ОТК;
2-орун №11 орто мектеп;
3-орун №12 орто мектебинин ОТКсы.

Бардык жеңүүчүлөргө грамоталар жана номинациялар боюнча баалуу белектер тапшырылды. Шаардык сынак үстүбүздөгү жылы майда өтүп, райондук мелдештерде 1-2-орундарды алган 8 “Эр жигит” командасы катышат.

Пикир

Оставить комментарий