• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Бишкекте дубалга кыпчылып, эсин жоготуп койгон жаран куткарылды

Коом 0

Бишкек, 06.02.23. /Кабар/. Бишкекте эркек киши эки дубалдын ортосуна кыпчылып, эсин жоготуп койгон. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучуларга Репина көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн дубалы менен гараждын дубалын ортосунда эркек киши (аты-жөнү такталууда) кыпчылып, чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 5 куткаруучу тартылып, эс-учун жоготкон, болжол менен 60-65 жаштагы азиат улутундагы эркек кишини чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий