• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды

Маданият 0

Бишкек, 14.05.22. /Кабар/. Бишкекте 13-майда «Эргүү» улуттук театр сыйлыгы тапшырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, «Эргүү» сыйлыгы 2014-жылдан бери Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана "Айтыш" коомдук фонду биргеликте тапшырып келет.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Эң мыкты дебют

Азимбек Жуманов - Ош улуттук С. Ибраимов атындагы драма театрынын “Амансынбы, апаке!” спектаклиндеги Сагындын ролу үчүн;

Кыргызстан театр ишмерлер союзунун башкармалыгынын атайын байгеси

1.Кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымы үчүн Баткен облустук Апаз Жумагулов атындагы муздрама театрына берилди;

2. Кыргыз театр искусствосуна аздектеп кызмат кылганы үчүн Кыргыз улуттук академиялык Токтоболот Абдумомунов атындагы драма театрынын жарык берүүчүсү Тилек Усупбекого берилди;

Эң мыкть музыкалык жасалга - Алмаз Куланбаев, Кыргыз мамлекеттик “Учур” драма театрынын “Жүрөктөгү бороон” спектаклинин музыкалык жасалгасы үчүн.

Эң мыкты сценорграфия - Чынара Чотурова, Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын “Өмүр кечиндеги өкүт” спектаклинин сценографиясы үчүн.

Балдар үчүн коюлган спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн - Назира Ишенбаева, Ош облустук Н. Шамурзаев атындагы куурчак театрынын актрисасы, “Булбул куштун арманы” спектаклиндеги Эркенин ролу үчүн.

Жаштар ойногон спектаклдеги эң мыкты ролу үчүн - Эшинбек кызы Сезим, Ош мамлекеттик унивеситетинин киноакадемиясында коюлган “Өлүп тирилгендер спектаклиндеги Ушакчынын ролу үчүн.

Театр искусствосун массалык маалымат каражаттарында эң мыкты чагылдыргандыгы үчүн - Аида Шекенова, ЭлТРдин редактору, кыргыз театры тууралуу көрсөтүүлөрүнүн топтому үчүн.

Экинчи пландагы аялзатынын ролун мыкты аткаргандыгын үчүн - Шайыр Мамбетова, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрынын “Өмүр кечиндеги өкүт” спектаклиндеги Амбранын ролу үчүн.

Экинчи пландагы эркектин ролун мыкты аткаргандыгы үчүн - Дмитрий Балбекин, Кыргыз мамлекеттик улуттук Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын “Ревизор” спектаклиндеги Почтмейстердин ролу үчүн.

Эркектени ролун мыкты аткаргандыгы үчүн - Михаил Калюжный, Кыргыз мамлекеттик улуттук Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын “Ревизор” спектаклиндеги Хлестаковдун ролу үчүн.

Аялзатынын ролун эң мыкты аткаргандыгы үчүн - Ольга Осокина, Кыргыз мамлекеттик улуттук Ч. Айтматов атындагы орус драма театрынын “Ревизор” спектаклиндеги Анна Андреевнанын ролу үчүн.

Аймактык театр өнөрүнө кошкон зор салымы үчүн - Солтобай Кулбаев, Ош улуттук Султан Ибраимов атындагы драма театрынын артисти.

Театр өнөрүнө арналган үзүрлүү эмгеги үчүн - Инна Головина, Кыргыз мамлекеттик улуттук Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын грим бөлүмүнүн башчысы.

Эң мыкты улуттук пьеса - Жаныш Кулмамбетов, “Түнкү кат” драмасы (Ысык-Көл областтык Касымаалы Жантөшев атындагы муздрама театрында сахналаштырылган).

Жаштар ойногон эң мыкты спектакль - “Өлүп тирилгендер”, Ош мамлекеттик унивеситетинин киноакадемиясынын студенттеринин спектакли.

Балдар үчүн коюлган эң мыкты спектакль - “Булбул куштун арманы”, Ош облустук Надыр Шамурзаев атындагы куурчак театрынын спектакли.

Эң мыкты чет өлкөлүк спектакль - "Султандын аты – Султан жолу”, спектакль Kocraнaйского o6ластного казахского тeaтpа имени Ильяса Oмapoвa.

Улуттук театр өнөрүнө кошкон өзгөчө салымы үчүн - Акылбек Абдыкалыков, КР эл артисти.

Эң мыкты режиссура - Уланмырза Карыпбаев, Жалал-Абад областтык Барпы атындагы драма театрында “Өмүр кечиндеги өкүт” спектаклин койгондугу үчүн.

Эң мыкты спектакль - “Ревизор”, Кыргыз мамлекеттик улуттук Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын спектакли.

Пикир

Оставить комментарий