• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Бишкекте эркек киши 3-кабаттан кулап кеткен - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 25.05.20. /Кабар/. Бишкекте эркек киши 3-кабаттан кулап кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов районундагы Курулуш шаарчасы кичирайонунда жайгашкан үйдүн 3-кабатынан эркек киши (аты-жөнү такталууда), 1-кабаттагы курулушка кулап түшкөн.

Куткаруучулар жабыркаган жаранды түшүрүп тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу тартылган.

Пикир

Оставить комментарий